Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк балдардын күнүн майрамдоо боюнча глобалдык кампанияга кошулду

0
489

ЮНИСЕФ улуттук, эл аралык өнөктөштөрү жана бизнес менен бирге Баланын укуктары боюнча конвенциянын кабыл алынган күнүн майрамдоо боюнча глобалдык кампанияга катышууда.

Бүткүл дүйнөлүк балдардын күнү жыл сайын 20-ноябрда белгиленет, ал БУУнун Баланын укуктары боюнча конвенциясынын кабыл алынган күнүнө арналган.
Быйылкы глобалдык иш чараларда жынысы, расасы, дини, майыптыгы же дагы башка макамдарына карабай, ар бир баланын дискриминациянын бардык түрлөрүнөн коргоолуу укугуна басым жасалууда.

ЮНИСЕФ жана анын өнөктөштөрү Кыргызстанда бул күндү бүт өлкө боюнча бир нече иш чаралар менен белгиледи. Алардын катарында: Оштогу футбол фестивалы, ЮНИСЕФтин ыктыярчыларынын арт-марафону, “Балдар чечет” жана “Дүйнөнү көк түскө боёйбуз” акциялары.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here